• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аскердик жана аскерий-техникалык кызматташтык ыкчам өнүгүүдө - президент Жээнбеков

Саясат 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Биз соода, өнөр-жай, транспорт, миграция тармагында кызматташууну кеңейтип жатабыз. Аскердик жана аскерий-техникалык кызматташтык ыкчам өнүгүүдө. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков РФнын лидери Владимир Путин менен болгон кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүдө билдирди.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө кезектеги жардам үчүн ыраазычылык билдирем, - деди Жээнбеков.

"Биздин жарандар үчүн кайрадан „миграциялык жеңилдик“ берүү жөнүндө чечимиңиз үчүн Сизге ыраазыбыз. Бул Россиядагы биздин мекендештерибиз үчүн чоң колдоо болуп саналат. Тар чөйрөдөгү жолугушууда биз бардык маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетиштик. Мен Владимир Владимировичке биздин демилгелерди колдогону жана түшүнгөнү үчүн ыраазычылык билдирем", — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал кийинки кезде кыргыз-россиялык өз ара аракеттешүү мурдагыдан да бир кыйла тыгыз болуп калганын баса белгиледи. Жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушуулар өттү. Жакында эле Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын ийгиликтүү өткөрдүк. Кечээ Кыргызстандын жана Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи Форуму өз ишин жыйынтыктады. Азыр абдан масштабдуу Аймактар аралык конференция өтүүдө. Ал биздин аймактардын потенциалын өстүрүүгө, эки өлкөнүн чарбалык субъектилери ортосундагы түз байланыштарды орнотууга багытталган.

Белгилей кетсек, Владимир Путин Кыргызстанга Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча алгачкы мамлекеттик визит менен келди.

Пикир

Оставить комментарий