• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аскерлердин массалык түрдө кургак учук жугузуп алуусу боюнча кылмыш иши уланууда - Бекболотов

Коом 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Аскер кызматкерлеринин кургак учук оорусун массалык түрдө жугузуп алуусу боюнча кылмыш иши дагы эле уланууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда бардык материалдыр КРнын Аскер прокуратурасында.

«Иштин жыйынтыгы менен кызмат адамдарына укуктук баа берилип, күнөөлүүлөр жазасын алышат», - деди ал.

Муну менен катар министр толук сакайгандан кийин оору жугузуп алган аскерлер аскер комиссариатынан медициналык кароодон өтсө кайрадан кызмат өтөөгө бара алаарын белгиледи.

Эскерте кетсек, 2021-жылы мартта КР абадан коргонуу күчтөрүнүн 26 аскер кызматкери кургак учук оорусун массалык жугузуп алганы тууралуу белгилүү болгон. Ошентип, КР Аскер прокуратурасы аталган факт боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир

Оставить комментарий