• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аскат Беков: Финполду жоюу – бизнести өнүктүрүүгө кадам

Экономика 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. КР президенти Садыр Жапаровдун инвесторлорду жана бизнести коргоо боюнча жарлыгы өз кезегинде кабыл алынган жана зарыл чечим болду. Бул тууралуу бүгүн “Экономиканы өнүктүрүү, соода, өнөр жай, айыл чарбасын шыктандыруу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу” аттуу тегерек столдо КР президентинин аппаратынын саясат, стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысынын орун басары Аскат Беков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү иш-чара өз убагында өтүп жатат. Аталган тегерек столго бизнес өкүлдөрү, инвесторлор жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда. КР президенти Садыр Жапаров бир катар жарлыктарды чыгарды, алардын таасирдүү бөлүгү бизнести коргоо жана аны өнүктүрүүгө багытталды.

“Атап айтканда мамлекет башчынын жарлыктарында финансы базарлары, пайдалуу кен байлыктар, бизнести текшерүүнү кыскатуу жана башкалар тууралуу айтылат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой өкмөт тарабынан экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жоюлду. Муну бизнеске карай кадам деп атоого болот. Мындан тышкары, өткөн жумада борбор калаадагы түтүн көйгөйүнөн улам экологиялык коопсуздук боюнча жарлыкка кол коюлду, ошондой эле, учурда бүт дүйнө жашыл экономика деп аталган тармакка өтүп жатат. Кыргызстан дагы муну колдоодо жана ушул багытта тиешелүү иш-чаралар өткөрүлүүдө”,-дейт Беков.

Ал белгилегендей, президентке дагы текшерүүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу бизнестен көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат. Азыр өкмөт ушунун үстүндө иштөөдө. “Ошондуктан, мамлекет башчысы тарабынан жарлык чыкты. Мындан тышкары, Башкы прокуратуранын алдында бизнести негизсиз текшерүүгө каршы иштөө боюнча атайын бөлүм түзүлдү. Жарлыктар иштей баштады, мен референдумдан кийин мындан дагы күчөтүлөт деп ойлойм”,-деди Беков.

Пикир

Оставить комментарий