• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Асманга салюттар атылып, чоң гала-концерт өттү. Ош шаары 3021 жылдыгын белгиледи

Аймак 0

Бишкек, 06.10.21./Кабар/. Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чара чоң программадагы концерт менен жыйынтыкталды. Майрамдык салтанатка 10 миңден ашуун шаар тургундары жана коноктору күбө болушту.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаар күнү менен жалпы келген конокторду, шаар тургундарын куттуктады.

Гала-концерт Россиянын белгилүү ырчысы, Динамит группасынын экс-солисти Илья Зудин, Өзбекстан Республикасынын ырчысы Севинч Муминова, Кыргызстандын белгилүү эстрада жылдыздары Бактияр Токторов, Аскат Мусабеков, Гүлжигит Сатыбеков, Нурлан Насип жана Ош шаарынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун коштоосунда өттү.

Майрамдык салтанатта фейрверк атылып, жаштарга бий кече уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий