• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Асрандиев: 5 миңге жакын ишкер 3,2 млрд сом жеңилдетилген насыя алды

Экономика 0

Бишкек, 09.09.20. Бүгүнкү күнгө карата 5 миңге жакын ишкер 3,2 млрд сом жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүгө жалпы 4,5 млрд сом бөлүнгөн.

"Ал каражаттын 2 млрд сому банктарга Улуттук банк тарабынан кредиттик аукцион аркылуу берилсе, ички жана тышкы булактардын эсебинен 2,5 млрд сом Каржы министрлииги аркылуу берилүүдө. Бүгүнкү күнү 5 миңге жакын ишкер 3,2 млрд сом жеңилдетилген насыя алып, иштетип жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий