• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Асрандиев: Антикризистик чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу жыйынтыкталып калды

Экономика 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Антикризистик чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу жыйынтыкталып калды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө билдирди.

Жолугушууда Асрандиев мамлекет башчысына өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизип жаткан кырдаалды жөнгө салуу боюнча антикризистик чаралардын комплекстүү планынын негизги багыттары тууралуу маалымат берди.

Ал коронавирустун жайылуусунун өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды ишке ашыруу боюнча республикалык штаб тарабынан калкка биринчи кезекте зарыл болгон товарларды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу боюнча ыкчам чаралар көрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Асрандиев андан тышкары, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республикалык бюджеттен түшүүлөр 400 млн АКШ долларынын айланасында болушу мүмкүндүгүн маалымдады.

Буга байланыштуу бюджеттик системанын каржылык туруктуулугун сактоо жана бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн каржыланбай калуу тобокелчиликтерин азайтуу боюнча бюджетти колдоо үчүн кошумча ресурстарды тартуу иштери жүрүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө түзүлгөн татаал экономикалык кырдаалда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана өлкөдөгү ишкерликти колдоого өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий