• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Асрандиев: Бюджеттин приоритеттүү болбогон чыгашаларын каржылоо токтотулду

Экономика 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мамлекеттик бюджеттин приоритеттүү болбогон чыгашаларын каржылоо убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев президент менен болгон жолугушууда маалымдады.

Анын айтуусунда, 2020-жылдын январь–март айларында экономикалыш өсүш 1,5%ды түзүп, былтыркы жылдын ушул көрсөткүчтөрүнөн 3,9%дык пунктка төмөн болду. Экспорттун төмөндөгөнү жана айрым социалдык мааниге ээ товарларга баалардын көтөрүлгөнү байкалууда.

Ошондой эле Асрандиев маалымдагандай, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында аймактардагы элге ун жана биринчи кезекте зарыл болгон товарларды жеткирүү улантылып жатат.

"Бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн каржыланбай калуу тобокелчилигин азайтуу боюнча ар кандай варианттарды иштеп чыгуу, бюджетти колдоо үчүн кошумча каражаттарды тартуу улантылып жатат", - деп баса белгиледи вице-премьер-министр.

Жолугушууда коронавирус инфекциясынын ата мекендик экономикага тийгизген терс таасирин азайтууга багытталган өлкө Өкмөтүнүн Кризиске каршы чаралар планынын ишке ашырылышынын жүрүшү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий