• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Асрандиев: Чет элдик адистердин тез арада Кыргызстанга киришин камсыз кылуу көптөгөн инвестициялык долбоорлорду жандандырууга мүмкүндүк берет

Өкмөт 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Чет элдик адистердин тез арада Кыргызстанга киришин камсыз кылуу көптөгөн инвестициялык долбоорлорду жандандырууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев Тышкы таасирлерди минималдаштырууга жана экономикалык өнүгүүнү стимулдаштырууга багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын жыйынында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу дүйнө жүзү боюнча чет өлкөлүк жарандардын кыймылына чектөө киргизилген. Көпчүлүк адистер ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген өлкөлөргө келе албай калышты. Мындай абал Кыргызстанда дагы болду. Азыр көпчүлүк долбоорлор токтоп турат, алардын ишин жандандыруу биз үчүн өтө маанилүү. Чет өлкөлүк адистердин биздин өлкөгө кайтып келип, ишин улантаары биздин кызыкчылыгыбызда», - деди вице-премьер-министр.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу боюнча Кытай Эл Республикасы менен түзүлгөн эки тараптуу макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында июнь айында чартердик рейс менен Бишкек шаарына чет элдик адистердин келиши күтүлүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай,
жогоруда аталган рейстерге чет элдик адистерди кабыл алуу коронавирус инфекциясынын бар-жогу текшерилип, анын жыйынтыгы боюнча гана жүргүзүлөт. Тагыраак айтканда, бул рейстердин бардык жүргүнчүлөрү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык обсервацияга жаткырылып, текшерилет.

Пикир

Оставить комментарий