• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Асрандиев: "Эксимбанктын" алдындагы карызды реструктуризациялоо боюнча кайрылуубуз колдоо тапты

Экономика 0

Бишкек, 29.04.20. / Кабар/. "Эксимбанктын" алдындагы карызды реструктуризациялоо боюнча кайрылуубуз колдоо тапты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, президент Сороонбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен "Эксимбанктын" алдындагы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшкөн.

"Менин билишимче ал кайрылуу колдоо тапкан. "Эксимбанк" биздин адистер менен байланышып, ал багытта иштер башталган", - деди ал.

Асрандиев башка насыя берүүчүлөр менен тышкы карыз боюнча сүйлөшүүлөр болуп, Париж клубунун алкагында эки тараптуу насыялардын төлөмдөрүнүн мөөнөтүн жылдыруу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий