• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Асрандиев: Эл аралык донорлордун жардамысыз бул кырдаалдан чыгуубуз оор болчудай

Өкмөт 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү өлкөдө аккредитациядан өткөн эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Учурда дүйнө абдан экономикалык жоготууларга учурап, көптөгөн мамлекеттер колдоого муктаж болуп турат. Биз барынан биринчи финансылык каражаттарды жумшай турган артыкчылыктуу багыттар боюнча иштердин схемасын аныктадык. Эл аралык донорлордун жардамысыз бул кырдаалдан чыгуубуз оор болчудай», - деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Иш төрт багытта жүргүзүлөт. Биринчи – бул бюджеттин киреше бөлүгүндөгү маселе жана тышкы карызды реструктуризациялоо. Экинчи – саламаттык сактоо линиясы боюнча жардам. Үчүнчүсү – алгылыктуу жеңилдетилген шарттарды сунуштоо аркылуу бизнести колдоо. Эң башкысы – азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

«Өлкөдө жана дүйнөдө түзүлгөн кырдаалды эске алганда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселеси – биз үчүн маанилүү багыттардын бири», - деп баса белгиледи вице-премьер-министр.

Өз кезегинде эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташууга даярдык билдиришти.

Өкмөттүн сунушу менен ачкы-айкын иштөө үчүн ар бир багыт боюнча мамлекеттик органдардын, ошондой эле эл аралык уюмдардын мүчөлөрүнүн катышуусунда жумушчу топтор түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий