• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Асрандиев Эл аралык валюта фондунан бөлүнгөн каражат кайсы тармакка жумшаларын айтты

Экономика 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Эл аралык валюта фонду тарабынан бөлүнгөн каражаттын биринчи бөлүгү 31-мартта Кыргызстанга келген. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, Эл аралык валюта фондунан 120,9 млн доллар келип түшкөн.

Асрандиев маалымдагандай, бөлүнгөн акча каражаты бюджетти колдоого жана коронавирус илдети менен күрөшүүдө кеткен чыгымдарга жумшалат.

"Акчанын канча бир пайызы бюджетти колдоого кетет дегеним, бул бардыгына үнөмдөө дегенди түшүндүрөт. Учурдагы каражаттар айлык акы, пенсия, жөлөкпул, өзгөчө кырдаал режиминдеги чыгымдарга жана саламаттык сактоо тармагына жумшалууда. Экинчи мааниге ээ болгон бардык чыгымдар токтотулган", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий