• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Асрандиев: Күнүмдүк иштеп акча таап жүргөндөргө жардам көрсөтүлөт

Экономика 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Күнүмдүк иштеп акча таап жүргөндөргө жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тизмесинен сырткары күн сайын иштеп акча таап жүргөндөр көп.

"Мэрия жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирге күнүмдүк иштеп жүргөндөрдүн тизмесин түзүүдөбүз. Бул тизме бизге жума күндөн баштап келе баштады. Биз эки жумага жете турган негизги азык-түлүктөрдү жеткирүүдөбүз. Алар бюджеттен, ишкерлердин жана жергиликтүү бюджеттин каражатынан алынууда", - дейт ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий