• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Асрандиев: “Керемет банк” ачык-айкын түрдө жеке колдорго өткөрүлүп берилиши керек

Экономика 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. “Керемет банк” ачык-айкын түрдө жеке колдорго өткөрүлүп берилиши керек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Маалымат жыйында ага “Керемет банк” боюнча кандай пландар бар, аны жеке колго өткөрүп берүү пландары барбы” деген суроо узатылды.

“Керемет банктын” негизги акционери болуп өкмөт эмес, Улуттук банк эсептелет. Улуттук банк өкмөттөн көз карандысыз иш алып барат. Албетте “Керемет банк” ачык-айкын түрдө жеке колдорго өткөрүлүп берилиши керек. Менимче аны бир тарапка өткөрүп берүү маселесин коюудан мурда анын инвеситициялык жактан жагымдуу болушу үчүн каржы көрсөткүчтөрүн жакшыртуу кажет. Анын акцияларын сатканда Улуттук банктын артында турган мамлекет мүмкүн болушунча көп пайда көрүшү керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий