• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Асрандиев: Өкмөт Россия менен газдын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. КР өкмөтү Россия тарап менен жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдиргендигин, өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

«Бүгүн COVID-19 пандемиясына байланыштуу дүйнөлүк экономикалык кризис экономикабызга бир кыйла таасир берүүдө. Муну менен бирге АКШ долларына карата улуттук валютанын курсу дагы төмөндөдү. Мунун баары экономикалык ишмердүүлүктүн басымдуу бөлүгүнүн ишин токтотууга алып келди. Калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү дагы төмөндөдү. Ошондуктан биз Россия менен жаратылыш газынын чыккан баасын төмөндөтүү жана эсептешүүлөрдү улуттук валюта менен жүргүзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүп жатабыз. Бул биз үчүн өтө аярлуу маселе болуп саналат», - деди вице-премьер-министр.

Эркин Асрандиев бүгүнкү күндө көгүлтүр оттун баасын жөнгө салуу Россия менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлөрүн эске салды.

«ЕАЭБ тууралуу келишимге ылайык, газдын жалпы рыногун түзүү 2025-жылга пландалууда. Учурда Кыргызстан өзүнүн чек арасында газды Кыргыз өкмөтүнүн жана Россия өкмөтүнүн ортосундагы жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу Келишимге ылайык сатып алат».

Учурда ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары тууралуу документти иштеп чыгуу аяктап, анын алкагында газ ташуунун тарифи талкууланып жатат. Айтмакчы, бул маселени 19-майда мамлекет башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунда талкуулашкан, анда Кыргыз Республикасы газды ташып жеткирүү тарифтерин чыгарылган өлкөгө карабастан, дискриминациялык эмес мамилелерди колдору белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий