• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Асрандиев тышкы карызды реструктуризациялоо жана мөөнөтүн узартуу боюнча айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев өкмөт үйүндө өткөн брифингде "Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасы бекитилгендиги тууралуу маалымат берип жатып, тышкы карызды реструктуризациялоо жана мөөнөтүн узартуу боюнча айтып берди.

Анын билдирүүсүнө караганда, тышкы карыздын эки түрү болот, эки тараптуу жана көп тараптуу.

"Эки мамлекет ортосундагы карыздар - эки тараптуу, ал эми эл аралык финансылык уюмдардан алынган карыздар - көп тараптуу деп аталат. Бүгүнкү күндө эки тараптуу карыздар боюнча айта турган болсом, "Чоң жыйырмалык" өлкөлөрү жана Париж клубунун мүчөлөрү апрель айында демилге көтөрүп чыгышкан. Анда бир нече өлкөлөргө 2020-жылдын ичиндеги төлөнө турган төлөмдөрдү кийинки үч жылга жылдыруу демилгеси каралган. Аталган демилгенин алкагында биздин Финансы жана Тышкы иштер министрликтери жумуштарды жүргүзүп, май айында кайрылуу жөнөттүк. Кээ бир өлкөлөр туура чечим кабыл алды. Жакынкы арада калган өлкөлөр да чечим кабыл алат, ошону менен быйылкы эки тараптуу карыздар боюнча төлөй турган төлөмдөр кийинки жылдарга жылат", - дейт ал.

Асрандиев кошумчалагандай, Кыргызстан негизги жана көп тараптуу насыя берүүчүлөргө кайрылууларды жөнөткөн. Бул багытта жумуштар улантылат.

"Бул жумуш бир топ убакытты талап кылат. Натыйжасын III IV кварталда көрүп баштайбыз", - деп кошумчалады Асрандиев.

Пикир

Оставить комментарий