• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ассоль Молдокматова статуэтка жана “Жылдын айымы” башкы наамы менен сыйланды

Коом 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. КМШ аял-илердер ассоциацияс Москвадагы “Олимп” залында сыйлоо иш-чарасын өткөрдү. Статуэтка жана башкы “Жылдын айымы” наамы Евразия телеакадемиясынын академиги, Assol фондунун президенти, коомдук ишмер Ассоль Молдокматовага берилди. Ал бир көп жылдардан бери аялдардын жна балдардын укугун коргоо, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүп, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу жана руханий дүйнөнү байытуу менен алектенип келет.

“Биз кыргызстандык жана КМШ аймагындагы аялдардын руханий өнүгүүсүнө салым кошум келе жаткандыгы үчүн Ассоль Молдокматовага чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз”,-дейт аял-лидерлер ассоциациясынын башчысы Парагат Жураева.

“Пандемия учурунда көптөгөн чиновниктер коркуп жашырынып жатканда Ассоль жарандардын өмүрүн сатап калууга ченемсиз салым кошту”,-деди иш сараны уюштуруучулардын бири, көрүнүктүү жазуучу Жанна Сабаева.

Залга Россия Федерациясынын өкмөтүнүн, КРнын Россиядагы элчилигинин, жеке ишкерликтин, миграция кызматы бөлүмүнүн, диаспоранын өкүлдөрү жана башкалар чогулушту.

Пикир

Оставить комментарий