• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ассоль Молдокматовага жыл ичинде бир нече ирет кол салуу болгон - анын "душмандарына" болгон кайрылуусу

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Быйыл белгилүү алып баруучу жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматовага бир нече кол салуу болгон. Ал муну өзүнүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырат.

Анын айтымында, бул тууралуу ал унчукпай келген, эми айтышым керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда айтып берди.

“Мен ачуу чындыкты айтып келем, чынында ал кимдир бирөөгө жакпайт. Биз муну баарыбыз жакшы түшүнөбүз. Азыр буга көз салып, угуп турган адамдар кырсык болот деп күтүп жүрүшөт. Сиздерди капалантат болушум керек. Анткени, бул ишти ИИМ, ошондой эле менин жактоочум жеке көзөмөлүнө алды”, - деди ал.

Ал билдиргендей, акыркы күндөрү эле ал милицияга эки арыз жазган. Себеби, бирөөлөр унаасынын дөңгөлөктөрүн жарып кетишкен. Аларды оңдогондон кийин окуя кайра кайталанган.

“Өткөн жумада шибеге менен дөңгөлөктөрдү жарып кетишиптир. Кечээ баардык текшерүүлөрдөн кийин унаамды аман-эсен ТТСтен алып келгенбиз. Эртең менен айдоочум менен Кытайдын элчилигине бара жатканда унаанын дөңгөлөктөрү чыгып кете жаздады. Анын баардык бурамалары бошотулган экен. Балким, кырсык болуп кетет деп күтүшсө керек”, - дейт алып баруучу.

Ошондой эле ал бир жыл мурда ага кол салуу болгонун айтты. Ага кол салган адам кармалып, жазасын тартып жатат.

“Мен бул тууралуу көпкө үн каткан жокмун. Жактоочум экөөбүз муну жашырып келгенбиз. Бир жыл менин артымдан жүргөн адамды кармап отургузушту. Бирок, Парижке кетээр алдында мага дагы кол салышты”, - деп кошумчалады Молдокматова.

Ага ким кол салышы мүмкүн деген сууроого ал мындай жооп кылды.

“Менин “Ачык сүйлөшүү” деген берүүм бар. Анда мен баңгизаттын жүгүртүлүшү, сойкулук, биздин мекендештерибизди чет жерлерге сатуу маселелерин көтөрөм. Ошол берүүбүздө Сания Шакированын өлүмүнө күнөөкөр тууралуу маселени талкуулаганбыз. Ал азыр 10 жылга кесилген. Себеби мен бул маселени байкоого алгам. Мен билген көп маселелер бар, мен алар жөнүндө ачык айтам, коом үн катпай турган темаларды көтөрөм. Албетте, мындан улам мен көптөргө жага бербейм. Муну кээ бир адамдар жакшы түшүнүшөт”, - деди ал.

Ал кимден күдүктөнүп жатканы тууралуу айткан жок. Бирок бул боюнча укук коргоо органдары менен иш алып барарын айтты.

Пикир

Оставить комментарий