• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ассоль Молдокматованын аракети менен ак дил адамдар дагы бир оорулуунун өмүрүн сактап калышты

Коом 0

Бишкек, 24-февраль /Кабар/. Мындан 1 ай мурда телеалыпбаруучу Ассоль Молдокматова 15 жаштагы Айчүрөктөн «Апам үйдө жатып өлгөнү калды... Жардам бериңиздерчи?!” деген кат алган.

А.Молдокматованын айтымында, Айчүрөктүн 53 жаштагы апасы Замира Төлөгөнова жүрөк оорусунан жапа чегип, дарыланууга таптакыр каражаты жеткен эмес. Бираз топтогон акчалары чоң энесин жерге берүүгө кеткен.

“Бул үй-бүлө Кочкор районун Теңдик айылында жашайт. Оорулууга тез жардам берүү аракетин көрдүк. Кардиолог-хирург Калдарбек Абдраманов оперция жасоого макул болду. Пациентти Бишкекке алып келип, толук текшерүүдөн өткөрүүгө туура келди. 2012-жылы эле операция кылынышы керек экен. Жакында сасык тумоого да чалдыгып оор абалда жаткан пациентке Калдарбек Абдраманов токтоосуз операция кылууну чечти. Бул операция чет өлкөдө 20-30 миң долларга турат. Мен кайрымдуулук акциясын өткөрдүм. 2 саат аралыгында “Чын дилимден” фондунун балдары ток-шоуга келип оорулуунун үй-бүлөсүнө 90 миң сом беришти. КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жогорку технологиялар фонду операцияны жасоону 50%га арзандатышты. Оору өтүшүп кеткендиктен операция өтө чоң тобокелдик менен жасалды. Анын аман калышына - бир жагынан Кудай колдоду, экинчи жагынан профессордун кесипкөйлүгү себеп болду “,-деди Ассоль.

Телеалыпбаруучу жардам берген бардык жарандарга ыраазычылыгын билдирди жана учурда З.Төлөгөнова Жалал-Абадда дарылануусун улантып жатканын, ал эми анын үй -бүлөсү акча каражатына муктаж экендигин билдирди. Замиранын күйөөсү Орозбектин телефон номери - 0705282691.

Пикир

Оставить комментарий