• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Астана - Бишкек үзгүлтүксүз авиакаттамы жанданат

Коом 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. 10-июндан тарта Астана – Бишкек - Астана багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам жанданат.

“Манас” эл аралык аэропортунун” басма сөз кызматынан билдиришкендей, FlyArystan авиакомпаниясы каттамдарды жумасына 2 жолу - шейшемби жана ишемби күндөрү аткарат.

Учуу убактысы 2 саат.

“Манас”эл аралык аэропорту” ААК авиакаттамга байланыштуу суроолор жаралса, FlyArystan авиакомпаниясы менен түз байланышууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий