• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Астана Пхеньяндын өзөктүк сыноолорун айыптап, сүйлөшүүлөргө чакырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31-июль /Кабар/. Астана Түндүк Кореянын өткөн жумадагы ракеталык сыноолорун кескин түрдө айыптап, кызыктар тараптарды сүйлөшүүгө чакырды.

«Мындай аракеттер БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын орой түрдө бузуп, аймакта жана глобалдык масштабда кырдаалды туруксуздаштырып, тынчтыкка корунуч жаратат», — деп айтылат Казакстан ТИМинин билдирүүсүндө.

Казакстан ТИМи Пхеньяндын аракетин “чагымчыл жана жоопкерчиликсиз” деп баалап, Түндүк Кореяны өзөктүк дымагынан баш тартууга үндөдү. Мындан тышкары Астана бул жагдайга кызыктар бардык тараптарды сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырып, маселени күч менен чечүү мүмкүн эместигин билдирди.

Түндүк Корея бийлиги 28-июлда сыноодон өткөн ракетасы АКШнын материкалык бөлүгүнө чейин жетүүгө кудуреттүү экенин жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий