• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Астана: Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 21-22-декабрда өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.12.17 /Кабар/. Астанада Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 21-22-декабрда өтөт. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө «туткундарды бошотуу, мерт болгондордун сөөгүн өткөрүп берүү жана дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча жумушчу топ тууралуу жобону» кабыл алуу пландалууда.

«Андан тышкары катышуучулар деэскалация зоналарынын ишин талкуулап, Сирияда гуманитардык зыянсыздандыруу тууралуу биргелешкен билдирүүнү бекитүүгө ниеттенип жатышат», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Астанада өткөн октябрдагы сүйлөшүүлөрдүн жетинчи айлампасынын жыйынтыгында кепил өлкөлөр — Орусия, Иран жана Түркия — согушуп жаткан тараптар «ишенимди бекемдөө боюнча» чараларды кабыл алышы зарыл экендиги тууралуу биргелешкен билдирүү даярдашкан.

31-октябрда Сирия өкмөтүнүн делегация башчысы Идлиб провинциясында Түркиянын болушун Дамаск «агрессия» катары эсептей турганын билдирген. Кезектеги сүйлөшүүлөрдүн датасы Орусия президенти Владимир Путин Сириядагы Хмеймим аскер базасына барган күнгө туш келди. Анда ал Сириядагы орусиялык контингенттин басымдуу бөлүгүн чыгаруу буйругун берип, «Ислам мамлекети» эктремисттик тобу жеңилгенин жарыялады.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий