• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Астанада абитуриенттердин ата-энелери нааразычылык акциясына чыгышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. Астанада абитуриенттердин ата-энелери менен туугандары Билим берүү министрлигинин алдына чогулуп, мамлекеттик билим берүү гранттарынын адилеттүү бөлүштүрүлүшүн талап кылышууда.

Чогулгандар айрым адистиктер боюнча гранттык билим алуу үчүн ЖОЖдорго тестирлөөдөн алардын балдарынан төмөн упай алган абитуриенттердин кабыл алынганын айтышууда.

Бирдиктүү улуттук тестирлөөгө быйыл 88 миңден ашык мектеп бүтүрүүчүсү катышса, алардын 14 миңге жакыны босого чектен өтө алышкан эмес. Тестирлөөнүн жыйынтыгына ылайык, өлкө боюнча орточо упай максималдуу 140 упайдын 80,5 упайын түзгөн.

Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү бул боюнча кийинчерээк түшүндүрмө берүүнү убадалашты. Чогулган ата-энелер менен абитуриенттер тарабастан министрликтин расмий өкүлүн күтүп турушат.

Пикир

Оставить комментарий