• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Астанада БА өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары АКШнын мамкатчысы менен жолугушат

Саясат 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Астанада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушат. Бул тууралуу Казакстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу мамлекеттик катчынын 28-февралга белгиленген коңшу республикага расмий сапарынын алкагында өтөт.

"Астанада АКШнын мамлекеттик катчысы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алуусунда болуп, премьер-министрдин орун басары – тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт", — деп айтылат маалыматта.

Ушул эле күнү Астанада Блинкендин катышуусунда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын тышкы иштер ведомстволорунун башчыларынын С5+1 форматындагы министрлер деңгээлиндеги жолугушуусу өтөт. Күн тартибинде АКШ менен аймактык кызматташтыкты жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү маселелери каралат.

Пикир

Оставить комментарий