• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Астанада Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин съезди башталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Астанадагы Тынчтык жана ынтымак сарайында Дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин съезди башталды. Талкууга алынган темалардын арасында экстремизм жана терроризмди жеңип чыгуу маселелери бар.

10-11-октябрга белгиленген форумга 46 өлкөдөн келген 80ге чукул делегация катышууда.

Форумдун алкагында Диний лидерлер кеңешинин кезектеги жыйыны болот. Иш-чара чет өлкөлүк саясий ишмерлердин, анын ичинде Казакстанга расмий сапар менен келген Сербия президенти Александр Вучич, ЕККУнун башкы катчысы Томас Гремингердин катышуусунда өтөт.

Форум алтынчы жолу өтүүдө. Казакстан диндер менен маданияттар ортосундагы диалогду колдоо үчүн аянтча түзүп берүүдө.

Пикир

Оставить комментарий