• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Астанада ЭКСПО-2017 Эл аралык көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Астана, 10-июнь /Нуржан Касмалиева - Кабар/. Астанада Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда EXPO 2017 эл аралык көргөзмөсү ачылды.

Иш чара көргөзмөнүн “Нур Алем” борбордук экспозициясындагы Казакстандын павильонуна мамлекет башчылардын келиши менен башталды.

Ачылышка Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев, Россия – Владимир Путин, Чехия – Милош Земан, Сербия – Александр Вучич, Беларусия - Александр Лукашенко, Тажикстан - Эмомали Рахмон, Түркмөнстан - Гурбангулы Бердымухамедов катышышты. Ошондой эле, КЭР төрагасы Си Цзиньпин, Люксембург премьер-министри Ксавье Беттель, БУУ Баш катчысы Антониу Гутерриш, Армениянын президенти Серж Саргсян, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, БАЭ премьер-министринин орун басары, президенттин иштери боюнча министр шейх Мансур ибн Зайед Аль Нахайян, Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж, Сингапур парламентинин төрагасы Халима Якоб, Пакистан Ислам республикасынын премьер-министри Наваз Шариф, Испаниянын королу Филипп VI, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана башкалар катышты.

Пикир

Оставить комментарий