• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Астанада катуу сууктан көчөдө жаныбарлар тоңуп калышкан - видео

ММК БА ТУУРАЛУУ 0


Бишкек, 24.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Казакстандын борборунда катуу сууктан көчөдө жаныбарлар тоңуп кала башташты. Интернетке Астанада тоңуп калган коен жана ит табылган видеону жарыялашкан.

Белгилей кетсек, Казакстанга шамал менен коштолгон катуу суук келди. Көпчүлүк мектептерде жана ЖОЖдордо окуулар токтотулган. Коңшу мамлекеттин айрым аймактарында адамдарга ысык чай берүү акциялары өтүп жатат.

Астанада абанын температурасы -39 градуска чейин түштү. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматында, 200 ашык адам үшүккө алдыруу менен ооруканага кайрылышкан.

Пикир

Оставить комментарий