• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Астанада КРнын жана Тажикстандын ТИМ башчылары жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 08.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу Астана шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун уставдык органдарынын биргелешкен отурумуна катышуунун алкагында болду.

КРнын ТИМнин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелеринин комплексин, анын ичинде тышкы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык өз ара аракеттерин талкуулашты.

Айдарбеков акыркы учурда өз ара байланыштын жогорку жана мыкты деңгээдеги жогорку динамикасы байкалып жатканын канааттануу менен белгиледи. Жана кыргыз тарап жетишилген макулдашууларга жана аларды ишке ашырууга өзгөчө маани берерин кошумчалады.

Тажик тышкы саясий ведомствосунун башчысы Айдарбековду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, бул жолугушуу тараптарга алдыдагы аракеттер боюнча пикир алмашууга шарт түзгөнүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий