• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Астанада паракорчулукка айыпталган куралдуу күчтөрдүн кызматкерлерине өкүм чыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20-июль /Кабар/. Астанада сот куралдуу күчтөр үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды уурдоого айыпталган 11 аткаминерге өкүм чыгарды.

Куралдуу күчтөрдү техникалык жана материалдык жактан камсыздоо боюнча дирекциянын башчысынын орун басары, подполковник Тулемис Жумказиев 12 жылга кесилип, мүлкү конфискацияланды. Ал Куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүктөрүнүн жеке курамын тамак-аш менен камсыздоо кызматын көрсөтүү боюнча жарыяланган тендерге катышкандардан пара алган деп табылды.

Сот анын орун басарын жана Куралдуу күчтөрдүн каржы инспекциясынын башчысын дагы пара алууга айыптап 10 жылдан эркинен ажыратты.

Пара берүүгө күнөөлөнгөн коммерциялык фирмалардын алты жетекчиси төрт жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө кесилишти.

Пара берүүгө айыпталгандардын төртөө аял, сот алардын курагы 50 жаштан өткөнүн эске алуу менен жаза мөөнөттөрүнүн бештен бирин өтөө боюнча өкүм чыгарды.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий