• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Астанада өрттөн беш бир тууган каза болду: 13, 11, 6, 4 жана 1 жаштагы балдардын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 04.02.19 /Кабар/. Астана шаарында турак-жайда өрт чыгып, беш бир тууган каза болду. Бул тууралуу "Хабар 24" телеканалы кабарлады.

Өрт 4-февралга караган түнү саат 02:34 катталган. Жалын бир саатка жетпей өчүрүлүп, куткаруучулар үйдөн 13, 11, 6, 4 жана 1 жаштагы балдардын сөөгүн табышкан.

Маалыматка ылайык, кырсык учурунда балдардын ата-энеси жумушта болчу.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий