• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Астанада өрттөн каза болгон беш бир тууган жерге берилди: Алар 13, 11, 6, 4 жана 1 жашта болчу

Коом 0

Бишкек, 05.02.19 /Кабар/. Астана шаарында өрттөн каза болгон беш бир тууган жаш кыздар жерге берилди. Аларды акыркы сапарга узатуу зыйнатына жүздөгөн адам катышты. Бул тууралуу "Хабар 24" телеканалы кабарлады.

4-февралга караган түнү Астананын жеке турак-үйлөрүнүн биринде өрт чыгып, анын чатыры кулап түшкөн. Өрт жайылган аянт 30 чарчы метрди түзгөн.

Жалын бир саатка жетпей өчүрүлүп, куткаруучулар үйдөн 13, 11, 6, 4 жана 1 жаштагы балдардын сөөгүн табышкан.

Кырсык учурунда балдардын ата-энеси жумушта болчу. Балдарын жоготкон ата унаа оңдоочу жайда иштейт. Апасы болсо үч күн мурда эле пластик карталарын өндүрүү заводуна жумушка орношкон.

Өрт чыгуунун болжолду себеби – коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы, - деди Казакстандын Ички иштер министри Калмуханбет Касымов.

Анын маалыматы боюнча, түндө жаш балдар кароосуз калган. Өрт өчүрүү кызматы 7 минутанын ичинде келген, медициналык тез жардам кызматы дагы өз убагында келген. Бирок жардам берүүгө мүмкүнчүлүк болбой калды.

Пикир

Оставить комментарий