• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүү башталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.12.17 /Кабар/. 21-декабрда Астанада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүсүнүн кезектеги айлампасы башталды. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия, Иран жана Түркия кепил болуп жаткан бул сүйлөшүүгө өкмөт менен оппозиция өкүлдөрү келишкенин ырастады.

БУУнун өкүлдөрү менен жолуккандан кийин оппозиция жаңжалды саясий негизде жөнгө салыш үчүн Орусия Башар Асаддын өкмөтүнө басым көрсөтүшү "болуп көрбөгөндөй маанилүү" экенин жарыялады.

Оппозиция мунасага жетиш үчүн Асаддын президенттиктен кетишин талап кылып жатат. Орусиянын жардамы менен оппозицияны, андан тышкары террордук топторду негизги аймактарынан сүргөн Асад болсо кызматтан баш тартпай турганын билдирген.

Жети жылга созулган жарандык согушта Сирияда 330 миңден ашуун киши өлүп, миллиондор тынчтык издеп үй-жайынан безди.

БУУ колдогон дагы бир сүйлөшүү Женевада өтүп келет. Ал да азырынча натыйжа бере элек.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий