• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Астанада Өзбекстан элчилиги ачылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 7-июль /Кабар/. Астанада Өзбекстан элчилигинин имараты курулат. Ал ачылгандан кийин Өзбекстандын Алматыдагы дипломатиялык өкүлчүлүгү башкы консулдук болуп өзгөрөт. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов билдирди.

Ал Өзбекстан жарандарынын кызыкчылыктарын жана укуктарын камсыз кылуу үчүн Орусиянын Санкт-Петербург, Казан, Ростов-на-Дону, Екатеринбург жана Владивосток шаарларында дагы консулдук мекемелерди ачуу пландалып жатканын кошумчалады.

Абдулазиз Камилов жарандардын кайрылууларын кароону жөнөкөйлөштүрүү жараяны жүрүп жатканын ырастады. Маселен, чет өлкөдө документтерин жоготуп алып Өзбекстанга кайтуу үчүн күбөлүк сураган жарандардын өтүнүчүн канааттандыруу үч айдан жети жумушчу күнгө чейин кыскарууда.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий