• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Астанада журналистти өлтүрүп кетишти, шектүү кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.09.18 /Кабар/. Журналист Ирина Бекетованы Астана шаарында өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу “Казинформ” агенттиги билдирди. Ал өзүнүн үйүнүн короосунун алдында өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматты кесиптештери социалдык тармактарга жазышкан.

Астананын полициясы кылмышка шектүү адамды кармаган. Ал 34 жаштагы шаар тургуну болуп чыкты.

“Шектүүнү кармоого бардык чаралар көрүлүүдө. Керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки иликтөө иши жүрүүдө”, - деп билдиришти Астананын ички иштер департаментинин басма сөз кызматынан.

Кесиптештеринин маалыматына караганда, 37 жаштагы Ирина Бекетова жалгыз бой эне болгон. Анын артында 4 баласы калды.

“Улуу баласы майып, кичүү эгиз кыздары 3кө чыгышкан. Анын ата-энесине кызын акыркы сапарга узатууну уюштурууга жана кийинки жашоосуна жардам керек болуп жатат”, - деп Сауле Кусаинова фейсбуктагы баракчасына маркумду акыркы сапарга узатууну уюштурууга финансылык жардам сурап жазган.

Пикир

Оставить комментарий