• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Астанадагы беш бир тууган кыздын өмүрүн алган өрттүн себеби айтылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети Астанадагы беш кыздын өмүрүн алган өрттүн келип чыгуу себебин айтты. Бул тууралуу «Астана» телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт түтүн чыга турган морду жасоодогу өрт коопсуздук эрежелери сакталбагандан улам келип чыккан. «Тактап айтканда, үйдүн шыбы мордон келчү ысыктан корголгон эмес. Бул мешти колдонууда өрттүн чыгышына себеп болгон. Үйдүн чатыры күйүп, кулап түшкөн», — деп билдирди мекеменин өкүлү Жасулан Актаев.

Ал көпчүлүк учурларда үй ээлери Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин кызматкерлерин үйлөрүнө киргизбей турганын белгиледи. «Турак-жай сектору жарандык коргонуу органдары тарабынан көзөмөлдөнбөйт. Андагы өрттүн санын азайтуунун жалгыз жолу — үймө-үй кыдырып, профилактикалык иштерди жүргүзүү», — деди ал.

Өткөн жума күнү Астанадагы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө истүү газ тууралуу кабар берип турчу атайын жабдуулар орнотула баштаган. Мындай рейддер өлкөнүн башкы аймактарында дагы жүргүзүлүүдө.

Актаевдин айтымында, жыл сайын өлкөдө 15 миңге жакын өрт кырсыгы катталса, алардын 70 пайызы жеке турак-жай секторуна туура келет. Акыркы жылдары өрттөн каза болгондордун саны 20 пайызга көбөйгөн. 2019-жылдын бир айында тилсиз жоодон 116 киши мерт болгон.

4-февралда Астананын Көктал-1 кичи районундагы жеке турак үйдөн чыккан өрттөн бир тууган беш кыз каза болгон. Алардын эң улуусу 12 жашта болсо, кичүүсү үч айлык болгон. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча өрт тутанган маалда кыздар үйдө жалгыз болушкан.

6-февралда казак бийлиги өкмөттүн алдында «өлкө жарандарынын кирешелерин жогорулатуу жана жашоо шартын жакшыртуу, анын ичинде көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо чараларын күчөтүү боюнча» атайын жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген. Анда индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри Женис Касымбек үйү жок көп балалуу бүлөлөргө турак-жай куруу үчүн кошумча каражат изделип жатканын айткан.

Пикир

Оставить комментарий