• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Астанадагы ЭКСПО-2017ге сарпталган акча кайтарылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.09.17 /Кабар/. Астанадагы ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү өзүн өзү актады. Бул тууралуу бүгүн Акордодогу маалымат жыйында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев билдиргенин “Казинформ” жазат.

“Сарпталган акча көргөзмөгө кирүүлөрдүн жана мында болгон туристтердин эсебинен кайтарылды. Астананын бардык мейманканалары, ресторандары, бардык концерттик залдары, дүкөндөр жакшы түрткү алышты. Астананын бюджетине түшүүлөр бул жылдары бир нече ирет жогорулады. Ишкерлер жакшы киреше таап алышты. Мунун баары – өлкөнүн казынасына түшөт”,- деди Нурсултан Назарбаев журналисттерге берген маалымат жыйынында.

Ал ЭКСПО-2017 курулушуна 1400 казакстандык компания катышканын эскертти. “Алар металл, жабдууларды, курулуш материалдарын ташышты. Бардык ишканаларга таасирдүү болду. Адамдар акча иштеп алышты. Бюджет да өз каражатын алды”, - деп жыйынтыктады Казак мамлекетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий