• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Астанадагы Көк бөрү биринчилиги түз алып көрсөтүлгөн жок

Коом 0

БИШКЕК, 22.08.17. /Венера Акматова - Кабар/. Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан Көк бөрү биринчилиги КТРК эфиринде түз көрсөтүлбөгөнү тууралуу пикирлерге телеканалдын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн facebook баракчасында түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, биринчилик учурда Казакстандын аймагында дагы түз көрсөтүлгөн жок. “Астанадагы Көкпар оюндарын тартуу укугу Казакстандын негизи "Казакстан" ТВ каналына берилген. "Казакстан" ТВ каналы өз кезегинде өзүнүн карамагындагы "Казспорт" ТВ каналына тапшырышкан. "Казспорт" ТВ каналы Көкпар оюндарын түз эфирде көрсөтүүсүнөн баш тартышкан. Себебин "Казакстан" телеканалынын бардык көчмө студилялары ЭКСПО көргөзмөсүндө иш алып барып аткандыктан, башка көчмө студия жок деп түшүндүрүштү. Оюндар Казакстандын аймагында дагы түз көрсөтүлбөйт”, - деп жазат Карыпбеков.

И.Карыпбеков билдиргендей, КТРК биринчиликти түз алып көрсөтүүгө аракеттерди жасаган. “Мен "Казакстан" ТВ каналынын жетекчиси Карин мырза менен, "Казспорт" каналынын жетекчиси Цыбулин мырза менен дайыма байланышта болуп, Кыргызстанга түз көрсөтүү сигналын алганга аракет кылдык. Казак туугандар эгер кааласаңар биз башка жеке казак ТВ каналдарынан көчмө студия ижарага алып сиздерге сигнал беребиз деп айтышты. Бардык каражатты санаганда 20 000 долларга жакын акча керектелет экен. Тилекке каршы биз КТРК бюджетинен мындай ашыкча акча таба албадык. Бул себептен Астанадагы бардык оюндар түз эмес, жазылып анан сиздерге тартууланат. Казак кесиптештер ушул учурда көкпарды 15 камера менен тартып атышат”, - деп белгиледи Карыпбеков.

Ошондой эле, ал учурда Көкбөрү федерациясынын бир камерасына тартылып жаткан оюндардын сапаты КТРК Спорттун талаптарына жооп бербесе дагы көрсөтүү чечимин чыгарышканын айтат. “Азыр ушул сапаттаа көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бир аздан кийин жакшы сапатта, 15 камерага тартылган видеону дагы көрө аласыздар”, - деп жазган КТРКнын башкы директору.

Пикир

Оставить комментарий