• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Астраханда 19 жаштагы кыргызстандык жол кырсыгынын күнөөкөрү болду

Кырсык 0

Бишкек, 04.09.17 /Кабар/. Россиянын Астрахань шаарында 19 жаштагы кыргызстандык жүк ташуучу унаасы менен жөө жүргүнчүлөр өтчү өтмөктөн (зебра) үч жаш баланы коюп кетти. Алардын бирөө каза болду.

Астрахандын укук коргоо органдарынын берген маалыматы боюнча, жол кырсыгы 3-сентябрда болжол менен саат 20:00 чамасында катталган.

“Натыйжада, 5 жаштагы кыз кырсык болгон жерде дароо каза болгон. Дагы 3 жаштагы кыз жана 10 жаштагы бала жаракат алышып, ооруканага жаткырылган”,-деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыгынын күнөөкөрү 1998-жылы туулган жаш бала экендиги аныкталган. Полиция анын жарандыгын айткан жок. Бирок аймактык ММКдын маалыматына таянсак, рулда 19 жаштагы Кыргызстандын жараны болгон.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий