• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Астраханда Түркмөнстан куруп берген мектеп ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Орусиянын Астрахань облусунда Түркмөнстан тарабынан курулган мектептин ачылыш аземи өттү.

Мектептин ачылыш аземине Орусия жана Түрмөнстан аткаминерлери, түркмөн студенттери катышты. Салтанат учурунда адаттагыдай Гурбангулы Бердымухаммедовдун дарегине мактоо сөздөр айтылды.

"Студенттер сабактан бошотулган. Элчилик студенттердин бул иш чарага катышуусун уюштурган, деканат мындан кабардар болгон", - деп билдирди “Азаттыктын” түркмөн кызматы.

Студенттер тышкы келбетине карата тандалган жана аларга бир катар талаптар коюлган. Маселен, кыздар узун кызыл көйнөк, тебетей, балдар болсо бешмант кийүүгө милдеттендирилген.

Маалыматтарга караганда, түркмөндөр жашаган Фунтово айлындагы мурдагы мектеп авариялык абалда болгон. Окуучулар коңшу айылдарга барып окушкан.

Мектеп 190 окуучуга ылайыкташтырылган. Түркмөн басылмалары кабарлагандай, окуу жайдын ачылышы Түркмөнстандын Конституция жана Мамлекеттик туу күнүнө дал келди.

Пикир

Оставить комментарий