• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Астраханда жаш баланы өлтүрө сүзгөн кыргызстандык үч жылга колонияга кесилди

Коом 0

Бишкек, 26.01.18 /Кабар/. Россиянын Астрахань шаарында 2017-жылдын 3-сентябрында Магнитогорск көчөсүндө үч баланы сүзүп кеткен 19 жаштагы Кыргызстандын жараны боюнча соттун өкүмү чыкты.

Транспорт башкарууга укугу жок айдоочу Магнитогорск көчөсү боюнча бара жатып, эки кыз жана бир бала жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон өтүп бара жатканда светофордун белгисинен өтүп кеткенин astrakhan-24.ru жазат.

Соккудан 5 жашар кыз ошол жерден көз жуумп, анын 3 жаштагы сиңдиси жана 10 жашар бала оор жаракат алышып, бирок тирүү калышкан.

Соттун чечими менен фигурант 3 жыл жана 3 айга жатак колонияга эркинен ажыратылып, ошондой эле 3 жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылды.

Пикир

Оставить комментарий