• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Асыл тукум мал чарбалары мамлекеттик колдоого алынат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 30.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Нурбек Алимбеков баяндама жасады.

Мыйзам долбоору өлкө аймагындагы асыл тукум мал чарбаларын колдоого багытталган. Мыйзам долбоорун 1-окууда кароодо колдонуудагы мыйзамдын негизги түшүнүктөрүнө геномдук селекцияны кошуу боюнча сунуштар берилген. Геномдук селекция – бул малдын генотибин тактоо. Ал гендердин варианттары менен чарбалык пайдалуу белгилердин ортосундагы өз ара байланышты табууга, азыктуулук сапаттарынын баалуу белгилеринин популяциясын аныктоого жана бекемдөөгө, селекцияны максаттуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Ошону менен катар эл өкүлдөрүнүн сунушу менен асыл тукум заводу жана асыл тукум фермасы статусун алган асылдандыруу ишинин субьектилерин мамлекеттик колдоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо жолу менен КР Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жана шартта ишке ашырылары белгиленген.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө талкуусуз жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий