• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Асылбек Өзүбеков Кыргыз драма театрынын директору болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Асылбек Өзүбеков Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов билдирди.

Ал Өзүбековду бүгүн кызматка дайындап, жаңы жетекчини театрдын жамаатына тааныштырганын билдирди.

Асылбек Өзүбеков 1958-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Ал театр жана кино артисти, композитор, музыкант жана журналист.

Мурда Кырдрамдын директору Назым Мендебаиров болчу.

Пикир

Оставить комментарий