• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Асылбек Жээнбековдун КСДПдан чыгуусу туура кадам болду - саясатчы

Коом 0

Бүгүн парламенттин жыйынында Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынан чыккандыгын расмий түрдө билдирди. Анын айтуусунда, депутаттык ишмердүүлүгүм эми парламенттеги фракцияда улантат.

"Мен өмүр бою КСДПда мүчө болуп жүрөм деп ойлогом. Ага чейин бир да партияда мүчө болгон эмесмин. Бирок “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деген ушул экен. Мен өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган инсан катары Кыргызстан социал-демократтар партиясынан чыгуу чечимин кабыл алганымды расмий жарыялайм. Кыргызстандын мындан аркы өнүгүү жолу, жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы тараза ташына коюлуп жаткан шарттарда бул кадамым туура деп эсептейм. Ал эми депутаттык ишмердүүлүгүм парламенттеги фракцияда уланат", - деп билдирди А.Жээнбеков.

Эл аралык иштер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов "Кабар" агенттигине берген маегинде Асылбек Жээнбеков туура кылгандыгын билдирди.

"Эгерде ал партияда калса, көпчүлүгү экс-төрага анда болуп жаткан процесстерге кийлигишүүгө аракет кылып жатат деп шек санашы мүмкүн эле. Азыр болсо эки курултай болууда. Биринчиси бүгүн өттү, кийинкиси болсо 6-апрелге пландалууда", - дейт саясатчы.

Осмонбетовдун ою боюнча, А.Жээнбеков партиядан чыгып, бирок депутат болуп калаарын баарына айтты. "Партиянын жогорку органы - бул катардагы мүчөлөрдүн съезди. Алар гана уставды, партиянын саясий кеңешин өзгөртө алат. Бул ички партиялык демократиянын өнүккөндүгү. Адам партиянын негиздөөчүсү болушу мүмкүн, бирок канткен күндө да жаңы кадрлар келиши керек", - деп эсептейт эл аралык иштер боюнча эксперт.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, Асылбек Жээнбековдун партиядан чыгышы туура кадам болду. Бир жагынан көз карандысыз болуп, макамды сактап калуу, экинчиден, үй-бүлөлүк-кландык башкарууга эч кандай шек болбошу үчүн.

"Анын дарегине эч кандай саясий айыптоолор болбошу үчүн", - деп баса белгиледи Осмонбетов.

Ал билдиргендей, партиянын ар бир мүчөсү андан чыгууга жана кирүүгө укугу бар.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий