• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Асылбек Жээнбековдун мандатын тапшыруусуна олуттуу себеп көргөн жокмун - Шестаков

Коом 0

Бишкек, 06.04.2018 /Кабар/. Мен Асылбек Жээнбековдун депутаттык мандатын тапшыруусуна олуттуу себеп көргөн жокмун. Мындай пикирин саясат таануучу Игорь Шестаков Асылбек Жээнбековдун агасынын президенттик ишмердигине байланыштуу парламенттен кетиши мүмкүн экени боюнча билдирди.

Шестаков Асылбек Жээнбеков КР ЖК депутаты болуп, анын агасы жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлегенге чейин эле эки жолу спикер катары шайланганын белгиледи.

“Негизи ал депутаттык мандатка өзүнүн жигердүү иши менен жетишти. Анын бүтүндөй бардык ишмердиги партиянын, парламенттин ишмердиги, шайлоо алдындагы жана учурдагы иштери менен байланыштуу. Белгилүү болгондой, Асылбек Жээнбеков 2007-жылдан бери КСДПнын кыйла активдүү жана таасирдүү саясатчыларынын бири болгон жана ал үч ирет партия менен бирге депутат катары ЖКга келген. Ал эки жолу парламентти башкарды, ЖКнын ийгиликтүү спикерлеринен болуп, бул кызматтан кетип, катардагы депутат болуп калды. Анткени Сооронбай Жээнбеков жогорку кызматтарга келди”, - деп чечмеледи Шестаков.

Саясат таануучу президент Сооронбай Жээнбеков агасынын жардамысыз эле депутат жана КР ЖК төрагасы болгон Асылбек Жээнбековдун парламенттик ишмердигине эч кандай таасир бербестигин баса белгиледи.

“Мен үчүн түшүнүксүз. Ал мандатын тапшыргыдай эмне болду. Менимче мында көбүнчө кандайдыр бир саясий жагдай орун алууда. Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырып берүүсү керектигинин себеби мен үчүн түшүнүксүз”, - деп баса белгиледи Шестаков.

Пикир

Оставить комментарий