• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Асылбеков: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу мурда эле башталышы керек болчу

Коом 0

Бишкек, 31.05.22 /Кабар/. «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу мурда эле башталышы керек болчу. Азыркы президент бул долбоорду ишке ашырууну чечкени жакшы болду. Мындай пикирин ардагер-темир жолчу Саирбек Асылбеков билдирди.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров күн мурун «Кабар» агенттигине берген маегинде жакынкы мезгилде темир жолдун курулушу баштала тургандыгын айткан.

Асылбеков кошумчалагандай, буга чейин Россия менен темир жолдун курулушуна байланыштуу айрым суроолор жана түшүнбөстүктөр болгондур, бирок азыр баары өз ордуна түшүп, мамлекет башчысы бул жолдун курулушунун маанилүүлүгүн Россиянын жетекчилигине жеткире алды.

«Президент туура кылып жатат, курулушту мурда эле башташ керек болчу», - деп баса белгиледи Асылбеков.

Ал ошондой эле Кыргызстандын түндүгүнөн түштүгүнө темир жол курулгандан кийин жол кырсыктарынын санын азайтып, жүк агымын көбөйтүүгө болоорун кошумчалады.

«Кыргызстандын түндүгүнөн түштүгүнө жүргүнчүлөр автоунаа менен барат, анын жыйынтыгында көп адамдын өмүрүн алган жол кырсыктары катталууда. Ал эми параллелдүү түрдө альтернативдүү жол курулса, он вагон менен 600 жүргүнчү ташыса болмок. Автотранспорт менен эч ким жүрбөй калмак, жол коопсуздугу камсыз кылынмак. Анан дагы түштүктөн түндүккө канча жүк ташыса болмок?! Ошол эле көмүр, ошондой эле «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу менен кете турган товарлар», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий