• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ат-Башы: Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт

Аймак 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Ат-Башы районунда Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу Ат-Башы районунун баш имам хатибинин орун басары Мирбек Кулматов билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында кабыл алынган.

“Туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйдө майрамдашыңыздарды өтүнөбүз”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда эртең, 31-июлда Курмат айт майрамы белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий