• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн мурдагы кызмат адамдары бюджетке келтирилген зыянды кайтарышты

Аймак 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы райондук прокуратурасы тарабынан КРнын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Ат-Башы айыл өкмөтүнүн мурдагы кызмат адамдары 420 миң сом акча каражатын мыйзамсыз чыгыштап жиберишкендиги такталган.

Райондук прокуратура тарабынан тийиштүү кызмат адамдарына карата прокурордук чара көрүлүп, анын жыйынтыгында жергиликтүү бюджетке келтирилген зыян толугу менен мамлекеттик бюджетке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий