• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ат-Башы айылында 40 орундуу күндүзгү стационар ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Ат-Башы айылында 40 орундуу, бардык шарты түзүлгөн күндүзгү стационар ишке берилди. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-август күнү Ат-Башы районунун борбору болгон Ат-Башы айылында жеке ишкер, Ат-Башынын кулуну Мелис Иманалиевдин колдоосу менен Ат-Башы районунун эли үчүн бардык шарты менен 40 орунга даярдалган күндүзгү стационар ишке берилди.

Бул күндүзгү дарылоо бөлүмүндө атайын кызыл жана жашыл зона деп бөлүнүп, дарыгерлер үчүн ичинде жуунучу жайы, дааратканасы, ашканасы даярдалса, бейтаптар үчүн кычкылтек берүүчү станция жасалып, ар бир керебетке дем алдыруучу системалар орнотулган, ошондой эле кошумча кычкылтек концентратору да коюлган.

Буга чейин бул имарат, балдардын окуу борбору болуп даярдалып, эки жылдан бери иштебей турган. Демөөрчү имаратты колдонууга уруксат алып, 10 күндүн ичине толугу менен бардык шартын түзүп, бүгүнкү күнү ишке берилди.

Пикир

Оставить комментарий