• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ат-Башы айылында жолду асфальттоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында бир катар көчөлөр асфальтталат. Бул тууралуу Ат-Башы райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айылдагы Иманбердиев, Сулайманов, Чеч-Дөбө, Салымбеков, Өмүракунов атындагы ички көчөлөрү быйылкы жылдын аягына чейин асфальтталат. Учурда айрым көчөлөрдү жасоо иштери башталды. Жол куруу ишин "Кыргыз-Жол" курулуш фирмасы ишке ашырууда. Айылда жалпы 5 чакырым жол жасалат.

Аталган иштер КР Транспорт жана жолдор министрлигинин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун курулуш долбоорунан үнөмдөлгөн каражаттарга салынууда. Ошондой эле жол куруу иштерине бир катар ЖК депутаттары, айылдык кеңештин депутаттары, жаштар салымдарын кошууда.

Пикир

Оставить комментарий