• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ат-Башы: Демөөрчү тарабынан дары-дармектер берилди

Аймак 0

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. Ат-Башы районуна демөөрчү тарабынан дары-дармектер берилди. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, райондун администрациясына Ат-Башынын кулуну, демөөрчү Мирлан Капаров тарабынан бир катар дарылар, керектүү каражаттар келди.

Бардык берилип жаткан жардамы үчүн Мирлан Капаровго жалпы элдин атынан Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин Мирлан Капаровдун демөөрчүлүгүндө Ат-Башыга 850 долларлык 4 даана кычкылтек концентраторлору алынып берилген.

Пикир

Оставить комментарий