• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ат-Башы каналына чөгүп кеткен баланы издөөгө Казакстандын куткаруучулары тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Ат-Башы каналына чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөө иштерине байланыштуу тийиштүү жетекчилер менен чукул жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр сууга чөккөн баланы издөө иштеринин жүрүшү боюнча маалымат алып, ал иштерге дагы кошумча күчтөрдү тартууну тапшырган.

"Бүгүнкү күндө министрдин орун басары К.Ахматов жеринде издөө иштерин көзөмөлгө алууда. Жалпысынан 108 куткаруучу тартылып, тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Казакстандын Жамбыл облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаменти менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, издөө иштерине кошуна өлкөнүн куткаруучулары тартылууда. 16-апрелден баштап Чүй дарыясынын оң жээгинде издөө иштери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 5 жашар Б.Б. аттуу бала 11-апрель күнү болжол менен саат 18:25те Ат-Башы каналына чөгүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий